Жаңылыктар
Россия Кыргызстанга мобилдик клиника берди
Мекендештер
Россия Кыргызстанга мобилдик клиника берди

Россиядан дагы бир мобилдик клиника Кыргызстанга жиберилди. Заман талабына ылайыкталган медициналык жабдуу менен толукталган клиникада, эми Баткен облусунунун алыскы райондорунун тургундары текшерүүдөн акысыз өтөт. 

Москва шаарынын ВДНХ аймагында Кыргызстанга, Тажикстанга жана Арменияга мобилдик клиникалар тапшырылды. Клиника Борбордук Азия өлкөлөрүнө ВИЧ/СПИД жана башка ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча техникалык жардам берүү аймактык программасынын алкагында ишке ашты. Мобилдик клиника ар кандай анализдерди чыгаруучу лаборатория, гинекологиялык бөлмө жана УЗИ, кардиограф аппаратары менен жабдылган.

Кыргызстанда ВИЧ-инфекциясына кабылгандардын саны 8 миңге чамалайт. Бул аныкталып, катталгандар кана. Тилекке каршы бул илдетти жугузуп алгандардын саны жыл санап өсүүдө. Дал ушундай мобилдик клиниканын жардамы менен Бишкек шаарынын базарларынын биринен ВИЧке кабылган жарандарды аныктоого мүмкүн болгон. 

Мурда ВИЧти аныктоо үчүн кан тапшыруу керек болсо, азыркы учурда каалаган адам экспресс-тест сатып алып, шилекей аркылуу оорунун бары жогун билип алса болот. Мобилдик клиникалар атайын медициналык текшерүүлөрдөн сырткары, тез жардам көрсөтүүгө да ылайыкталган. 

Эске сала кетсек, 2015-жылы Ош облусундагы жер титирөөдөн мобилдик клиникалардын жардамы тийген. Ошондой эле Чүй облусундагы Дача Су айылында болгон кырсыкта дагы, мобилдик клиникада медициналык тез жардам көрсөтүлгөн. Белгилеп кетчү нерсе, мобилдик клиникада жүргүзүлгөн бардык кызматтар акысыз. Ал эми "КамАЗ" унаасынын платформасында жабдылган мындай комплекстин баасы 15 миллион рубль турат.