Жаңылыктар
Каракол шаарындагы жылуулук берүүчү ишканалар кышка даяр
Аймак
Каракол шаарындагы жылуулук берүүчү ишканалар кышка даяр

Каракол шаарындагы жылуулук берүүчү эки ишкана 2019-2020-жылдарга от жагуу мезгилине карата даярдыгын толук аяктады. Жылуулук берүү ишканалары 9 мектеп, бир аскер бөлүгүн жана 3 миң 300дөн ашык абонентти жылуулук менен камсыздайт. Азыркы тапта жылуулук мекемелери керектей турган көмүрдүн жарымынан көбү кампага түшкөн. 

Жылына ар бир жылуулук мекемеси 10 миң тоннадан кем эмес көмүр керектейт. Шаардык мэриядан билдиришкендей, Каракол шаарына жылуулук 25-октябрдан баштап бериле баштайт. Эгерде күн эртелеп сууктаса, жылуулук бергенге отканалар даяр.

Ремонт иштери толугу менен аяктап от жагуу мезгилине толугу менен даярбыз. Көмүр боюнча айтсам 9000 тонна керектелсе кампага азыр 6000 тонна келип түшкөн. Калганы дагы келип жатат. Биз турган бул откана электр энергиясы менен жылытылат. Бул жерден миң элүү абонент жылуулук алат,- деди Каракол жылуулук берүү мекемесинин директору Абай Орозалиев.

Бизге тийешелүү 23 от казанды бардыгын тең ремонттон өткөрдүк. Мындан сырткары, жылуулук түтүктөрүндө орчундуу жумуш жүрдү. Биз негизи графиктен эрте бүттүк ремонт иштерин 15-сентябрга аяктай турган болсок биз 1-сентябрда эле даяр болгонбуз,- дейт Каракол шаарындагы №2 жылуулук ишканасынын директору Камчыбек Токбаев.