Жаңылыктар
Футбол боюнча Кыргызстандын курамасын алдыда кандай оюндар күтөт?
Спорт
Футбол боюнча Кыргызстандын курамасын алдыда кандай оюндар күтөт?

15-октябрда Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы Моңголияны 2:1 эсебинде утуп алды. Голдорду оюндун 14 жана 42-мүнөтүндө Ак шумкарлардын оюнчусу Гүлжигит Алыкулов менен Мирлан Мурзаев киргизди. Оюн 2022-жылы боло турган Дүйнө биринчилигине жана Азия кубогуна тандоо турунун алкагында өткөрүлүүдө. Муну менен Кыргызстан F тайпасында экинчи орунга көтөрүлдү.

15-октябрда Кыргызстан футбол курама командасы Моңголия футболчулары менен кез келди. Анын жыйынтыгы 2:1 болуп, жеңиш Кыргыз футболчулары тарапта болду. Беттеш Моңголиянын борбору Улан-Батор шаарындагы стадиондо Бишкек убактысы менен саат 14:00дө башталды. Оюн F тайпасындагы 4-турдун алкагында өттү. Негизинен эки команданын тең тайпада үчтөн упайлары бар болчу.

Эми оюндун жүрүшү тууралуу айтсак, алгач Кыргыз футболчулар контр чабуул уюштуруп, Алыкуловдун узатылган соккусу таамай болбой калды. Чабуулдардын биринде башы менен узаткан соккусу дарбазанын үстүңкү мамысына тийди. Бирок калыстар офсайд белгиледи. Ал эми Моңгол футболчулары орой ойноп жатышты. Айып соккулар маал-маалы менен башкы калыс тарабынан белгиленди. Люкстун соккусун дарбазачы оңой эле тосуп алды. Беттештин 14-мүнөтүндө оң капталдан чыгарып берген Мурзаевдин пасын Алыкулов голго айлантып, эсеп саны ачылып - 0:1 болду.

Ал эми беттештин 42-мүнөтүндө Мирлан Мурзаев чыгарылып берилген топту голго айлантты. Экинчи таймда болсо, атаандаштар б.а. Моңголия футболчулары эсебин ачып, бир топ киргизүүгө үлгүрүштү. Улан-Батор шаарында да "Ак шумкар" күйөрмандарсыз калган жок. Стадиондо "Алга, Кыргыз" деген ураандар жаңырып, футболчуларды күйөрмандар колдоп,сүрөп жатты.

КТРК Спорт каналынын алып баруучусу Алымбек Адылбековдун айтымында, беттеш жогорку деңгээлде өттү. Оюнда биздин футболчулар үчүн гол жаратууга бир топ мүмкүнчүлүктөр болуп жатты. Эң негизгиси кыргыз спортчулары талаада өздөрүн эркин алып жүрдү дейт спорт журналисти.

Ал эми алдыда 15-ноябрь күнү Кыргызстан Япония курама командасы менен оюн өткөрүү алдында турат. Андан соң, кыргыз футболчулары  буга чейин жеңилип калган Тажикстан футболчулары менен беттешет. Бардык мүмкүнчүлүктөр алдыда деп кошумчалады Алымбек Адылбеков.

Бул беттештен соң, Кыргызстан тайпада экинчи орунга көтөрүлдү. Учурда F тайпасында Япония, Кыргызстан жана Тажикстан 6 упай топтоду. Бирок, киргизилген голдордун айырмачылыгы менен Япония биринчиде баратат, Кыргызстан экинчи орунга чыкты. Белгилей кетсек, Кыргызстандык спортчулар моңголиялыктар менен 2022-жылкы дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында беттешти. Курама команда буга чейин Бишкекте өткөн мелдеште Мьянманын футболчуларын 7:0 эсебинде утуп, тандоо турундагы алгачкы жеңишин камсыздаган. Биринчи оюнда кыргызстандыктар 0:1 эсеби менен тажикстандыктарга жеңилип калган.

Урмат Жээнбеков,  "Биринчи радио"