Жаңылыктар
Борбордо “Өчпөс полктун” параддык жүрүшү болду (жаңыланды)
Кыргызстан жаңылыктары
Борбордо “Өчпөс полктун” параддык жүрүшү болду (жаңыланды)

Борбордо “Өчпөс полктун” параддык жүрүшү болду. Жөө жүрүшкө чыккандар Түштүк дарбазадан баштап, Жеңиш аянтындагы өчпөс отко чейин басышты. Параддык жүрүшкө КТРКнын чыгармачылык тобу да катышты.

Жөө жүрүшкө фронтто фашизмге каршы күрөшүп, кан-жанын аябай курман болгондорду, тылда эмгектенгендерди эскерип калаанын миңдеген тургундары, меймандар, шаар башчысы Албек Ибраимов, Коргоо Кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров, президенттин жубайы Раиса Атамбаева балдары менен катышты. 

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерлеринин, жоокерлердин сүрөттөрүн көтөргөндөр колонна менен параддык жүрүштө кадам таштап бара жатышты.