Жаңылыктар
Шайлоолорго жумшалуучу каражаттын болжолдуу суммасы жарыяланды
Шайлоо 2023
Шайлоолорго жумшалуучу каражаттын болжолдуу суммасы жарыяланды

Финансы министрлиги 2020-жылы боло турган шайлоого жумшалуучу чыгымдардын болжолун жарыялады. Анда Парламенттик жана жергиликтүү кеңештер үчүн 1 млрд. 214,3 млн. сом каралган.

Эксперттер Республикалык бюджет элдин салыгынан курааларын эске салып, шайлоочулар талапкерлерди тандоодо жаңылышпаш керек экенин айтып жатат.

Парламенттик шайлоого карата  камылга аста-тымызын жүрүп жатканы коомчулукка маалым. Социалдык желенин колдонуучулары саясатчылардын кадамын санап, кайрымдуулук иштери менен ар кандай инфраструктуралык курулуштарын – шайлого карата даярдык катаары боолголоп келет. Ал арада 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоого жумшалуучу каражаттын суммасын жарыяланды. Бул туурасында Финасы министринин орун басары Алмазбек Азимов Жогорку Кеңеште билдирди.

Саясат Талдоочу Игорь Шестаков бюджет элдин салыгынан куралаарын эсе салып, шайлоочуларды айрыкча Парламентке болгон тандоодо, келечек үчүн жаңылбай добуш берүүгө үндөдү. Ал тандоонун жыйынтыгы менен келген эл өкүлдөрү өкмөттү түзөөрүн белгилеп, өлкөнүн өнүгүшү дагы ошого жараша багыт алаарын айтат.

2020-жылы өтө турган Жогорку Кеңеш жана жергиликтүү кеңештин шайлоолору үчүн бөлүнгөн  1 млрд. 214,3 млн. сом шайлоону уюштуруу, эскисин оңдоп, жаңы жабдыктарды алууга  жумшалат. Анын бардык эсеби БШК расмий сайтына чыгып тураарын укук коргоочу Рита Карасартова кошумчалады.

Кошумчалап кетсек, 2019-жылы шайлоолор жаатындагы мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2020-жылдын декабрында аяктай турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолор 2021-жылдын апрелине жылдырылат, ошого байланыштуу БШК  2020-жылга  бюджетинде шайлоолорго кетчү чыгымдар 386,1 млн сомго азайтылып, азыркы убакта 828,2 млн сомду түзүүдө.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2015-жылы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого жарандардын маалыматтарынын биометрикалык базасы колдонулгандыгын эсепке алгандагы фактылык чыгымдар 944,5 млн. сомду түзгөн.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"