Жаңылыктар
Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезондун ачылышы болду
Туризм
Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезондун ачылышы болду

Сентябрдын 3-8не чейин Чолпон-Атада өтүүчү 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына болгон даярдык өз нугунда жүрүп жатат. Эл аралык деңгээлдеги бул иш чаранын өтүшү көптөгөн маанини туюндурат. Мисалы эң ириди Кыргызстандын кооз жаратылышын чет элден келчү коноктор аркылуу жайылтуу, башкача айтканда бекер жарнама болсо, экинчи жагынан өлкө бюджетине, жергиликтүү тургундардын капчыгына ири киреше түшөт. Облустун эскилиги жеткен инфраструктурасы дагы иш-чаранын аркасы менен оңдолуп калат. 

Азыр көчмөндөр оюндарынын негизги өзөгү болгон - ат оюндары өтүүчү Чолпон-Атанын ат майданынын куруу иштери өз ыргагында жүрүп атса, Тамчы айылынан ат майданга чейинки жолду курган куруучулар болгон күчү менен иштөөдө.

Ал арада, 7-майда Чолпон-Ата шаарында «Рух Ордо» этнокомплексинде жайкы туристтик сезон расмий түрдө ачылды. Быйылкы туристик мезгил былтыркыдан да жакшы болооруна жергиликтүү тургундар менен пансионат, курорттор умүт артып турушат. 

Эксперттердин баамында кыргызстандын кооз жаратылышы бир гана Ысык-Көл менен гана чектелбейт. Азыр дүйнө эс алуучуларынын назары суу жээктеп эс алып, ат минип, тоо-ташка чыгып, жапайы жаратылыштын кучагында көбүрөөк болгонго бурулуп жатат. Демек бул жаатта Кыргызстанда дагы кенен мумкүнчүлүктөр бар. Болгону туристтерди тейлөө сапатын жогорулатып, жергиликтүү инфраструктураны жакшыртып алуу керек болуп турат.

Бул жатта эл аралык журналдар биздин кооз өлкөгө көз артып, кыргызстанды ажайып жерлерин өз басылмаларына, сайттарына жайгаштырып келген жайы бар. Маселен National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштуруп, Улуу Жибек жолунун каттамы аркылуу Чүй жана Ысык-Көл облустарында кесипкөй фотосүрөтчүлөр жүрүшкө чыгышты. Маалыматтарга ылайык алар 10-майга чейин аталган аймактардагы кооз жерлерди сүрөткө тартып, журналдын сайтына жайгаштырганы жатышат.