Жаңылыктар
Зилалиевге карата козголгон иш боюнча соттук териштирүү уланды
Кыргызстан жаңылыктары
Зилалиевге карата козголгон иш боюнча соттук териштирүү уланды

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге карата "Мыйзамсыз баюу" беренесинин негизинде козголгон иш боюнча соттук териштирүү уланды. Жараяндын жүрүшүндө үч күбө көрсөтмө берди. 

Айрым күбөлөрдүн келбей калгандыгына байланыштуу, иш башка күнгө жылдырылды. Кийинки жараян 23-октябрда болот. Эске салсак, Башкы прокуратура тарабынан Зилалиевге карата Кылмыш кодексинин "Жооптуу кызматтагы адамдын мыйзамсыз баюу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон, тергөө иши УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.