Жаңылыктар
Шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу, алдыдагы шайлоого даярдыктар талкууланды
Шайлоо 2023
Шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу, алдыдагы шайлоого даярдыктар талкууланды

Президент Сооронбай Жээнбеков Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды. Өлкөнүн шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу, 2020-2021-жылдары Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого даярдыктын жүрүшү боюнча маселелер талкууланды. 

Боршайкомдун төрайымы маалымдагандай, жакынкы эки жылдын ичинде шайлоо мыйзамдарына ылайык өлкөдө 2020-жылдын апрелинде 31 жергиликтүү кеңешке шайлоо, 2020-жылдын октябрында Жогорку Кеңешке шайлоо, 2021-жылдын апрелинде 417 жергиликтүү кеңешке шайлоо, 2021-жылы 4 жергиликтүү кеңешке шайлоо өткөрүү пландалган. 

БШКнын төрайымы 2020-жылдагы шайлоолорго даярдыктар боюнча бардык иш-чараларды ишке ашыруу үчүн жетиштүү убакытты талап кыларын жана кезектеги шайлоолордун мөөнөтүн сактоону эске алуу менен пландаштырылганын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу жолу менен партиялык системаны бекемдөө боюнча алдыга коюлган милдетти эске салды. Ошондой эле, шайлоо мыйзамдарынын жаңычылдыктары боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин натыйжалуу жүргүзүү, жарандардын шайлоо системасына ишенимин жогорулатуу жана шайлоо комиссиясынын ишинин ачыктыгын камсыздоонун зарылдыгын белгиледи.