19-октябрында Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти, композитор, ырчы жана комузчу Абдыкалый Темировдун туулгандыгынын 110 жылдыгына карата салтанаттуу иш- чара өтөт.
А.Темиров «Ак маңдай», “Сайра комуз”, “Сагындым”, “Беш ыргай” деген обондуу ырларын чыгарган. «Беш ыргай» деген обонунун Ак-Талаада гастролдо жүрүп Жакыпбай деген сөзмөр карыядан угуп жазып алат. Ал адегенде комуз менен аткарылып, бара-бара хордо ырдала баштайт. Аны композитор М.Раухвергер иштеп чыгып, кыргыздын хор өнөрүндө жаңылык катары кабыл алынат. Кийин «Беш ыргайды» балетмейстерлер бий үчүн, композиторлор фортепианодо жаштар үчүн иштеп чыгышат. Кийинки күндөрдө «Беш ыргай» аваздык-аспаптык жана темир комузчулар
ансамблинде да өзүнчө күү түрүндө аткарылып жүрөт.
Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти, композитор, ырчы жана комузчу Абдыкалый Темиров 1909-жылы Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө айылында төрөлгөн. Ата-энесинен эрте ажырап, агасы Шаршендин колунда өсүп жетилет. Бой тартып калганда айылындагы Дүңкана, Кадыралы, Каден аттуу комузчулардан “Тай жарыш» ж.б. күүлөрдү үйрөнүп, эл арасында күү чертип, обон созуп ырдап, айылы гана эмес, коңшу айылдагыларга да аты угулуп, он беш жашынан айылда чабарман болуп иштеп, элге таанылат.
Ошол 1936-жылы Таш-Дөбө айылына чоң комузчу-ырчылар Кулманбет Турсунбаев, Мыскал Өмүрканова, Мырзалы Турсунбаев, өзү теңдүү жаштардан С.Өмүралиев, Ш.Жапарова, Л.Кутлина, С.Өмүрова, У.Жетигенова, К.Конушбаев, С.Жумаев ж.б. концерт коюп келип калышат. Артисттер Абдыкалыйга комуз черттирип, ырдатып да көрүшүп, дароо эле өздөрүнө кошуп алышат. Андан соң, А.Көбөгөновдун режиссёрлугу менен М.Токобаевдин «Кайгылуу Какей» деген пьесасы кою¬луп, андагы Оморкулдун образы менен Абдыкалыйдын актёрдук кадамы башталган.
Согуш жылдары 1939-1941- жылга чейин Нарын областык театрда, 1941-жылы Караколдогу театрда, Кыргыз мамлекеттик филармонияда эмгектенген. Филармонияда эл шайырлары атактуу Калык, Осмонкул, Алымкул, Ыбырай, Карамолдо сыяктуу залкарлар менен бирге эмгектенип калат. Ал 1939-жылы Кыргыз искусствосунун Москвада өткөн декадасынан кийин жыйырма сегиз жашында «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамын алган.
Эң өкүнүчтүүсү Абдыкалый Темировдун артында туягы калган жок. Ал 41 жашында оорудан улам каза болгон.