Жаңылыктар
Унутпайбыз жана эскеребиз!
Кыргызстан жаңылыктары
Унутпайбыз жана эскеребиз!

Эски аянтта өткөн митинг-реквием Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн аскердик парады менен коштолуп, андан соң ардагерлерге салт болуп калгандай 100 граммдан арак, кара нан жана аскердик ботко берилди. 

Бүгүнкү жеңиш майрамын Кыргызстанда 821 ардагер белгилеп жатат. Былтыр алардын саны 1200 жакын болгон. 

Бүгүнкү күндө согуштун катышкан ардагерлердин көбүнүн жаш курагы 90дон ашып калды. Мындан тышкары 7997 адам - ооруктун ардагерлери жана согуш майданына барып келгендердин жесирлери. 

Улуу Ата Мекендик согушка жалпысынан 365 миң кыргызстандык катышып, алардын 114 миңден ашыгы кайтпай калган.