Жаңылыктар
Президент Токтогулдун эли менен жолугушуп, элдин көйгөйүн укту
Аймак
Президент Токтогулдун эли менен жолугушуп, элдин көйгөйүн укту

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында элет элинин турмушун жакшыртууга багытталган бир катар долбоорлор ишке ашып жатат. Маселен, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кара-Тектир айылынын тургундары таза суу көйгөйүнөн биротоло арылмай болду. 

Көп жыдан бери ичүүсу суу маселеси курч болгон айылда таза сууну тартуу долбоору жигердүү аткарылууда. Аймакта жаңы ишканалар ачылып, жумуш орундары түзүлүп жатат. Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна болгон жумуш сапарынын алкагында аймактагы жүзөгө ашып жаткан ушул жана башка саамалыктарга Президент Сооронбай Жээнбеков күбө болду.