Жаңылыктар
Билим берүү тармагындагы кызматкерлердин эмгек акысын которуу автоматташтырылат
Билим
Билим берүү тармагындагы кызматкерлердин эмгек акысын которуу автоматташтырылат

Билим берүү тармагындагы кызматкерлердин айлык акысын автоматташтырылган системага которуу боюнча тендер жарыяланат. Учурда бул программаны иштеп чыгуу үчүн техникалык талаптар даярдалып жатат. Билим берүү министрлиги билдиргендей, аталган тармактын кызматкерлеринин айлык акыларын которууда негизсиз маяна алган жана каражатты максатсыз пайдаланган учурлары Эсептөө палатасынын жана каржы полициясынын текшерүү учурунда ачыкталган. Андыктан мындай мыйзам бузууларды жоюу үчүн бирдиктүү системага өтүү зарылдыгы келип чыгууда. Билим берүү тармагынын кызматкерлеринин эмгек акысын которууну автоматташтыруу 2020-жылдын сентябрь айында ишке ашары күтүлүүдө. 

Билим берүү тармагындагы кызматкерлердин айлык акысын эсептөөнү автоматташтырылган системага которуу Президенттин Жарлыгына ылайык “Өлкөнү санариптештирүү жылынын” алкагында жана мыйзам бузууларды жоюуга багытталууда. Мугалимдердин эмгек акысынын автоматташтырылган системага өтүшү тууралуу шаар тургундары кандай пикирде?     

Жогорудагы шаар тургундарынын пикирлериндей эле, буга чейин мугалимдердин жана бала-бакчанын кызматкерлеринин эмгек акыларын которуу кагаз жүзүндө жүргүзүлүп, көптөгөн мыйзам бузуу учурлары болуп келген. Борборлоштурулган бухгалтериянын ишинин так жүргүзүлүшү үчүн бирдиктүү системага өтүү зарылдыгы келип чыкканын Билим берүү министрлигинин Бюджеттик саясат, финансылык талдоо башкармалыгынын башчысы Акыйкат Баймуратова билдирди.  Анын айтымында, Эсептөө палатасы менен каржы полициясы текшерген учурда, мугалимдердин айлык акыларын которууда мыйзам бузуу фактылары катталган.

Эмгек акыны которууну автоматташтыруу программасын ишке ашыруу 2020-жылдан башталмакчы. Программаны иштеп чыгуу татаал болгондуктан, пилоттук негизде өткөрүү пландалууда. Акыйкат Баймуратова кошумчалагандай, учурда техникалык талаптар даярдалып, мугалимдердин эмгек акылары саналып, электрондук базага киргизүү иштери жүрүп жатат.

Адистердин айтымында, Билим берүү тутумундагы кызматкерлердин айлык акысын автоматташтырууга которуунун максаты, буга чейин аныкталып келген негизсиз маяна алгандарды жокко чыгарууга жана эмгек акыга каралган каражаттарды натыйжалуу, максаттуу колдонууга шарт түзүлөт.

Раткан Асанова, "Биринчи радио"

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.