Жаңылыктар
Ишкерлер үчүн убакытты үнөмдөгөнгө пайдалуу жана жакшы шарт түзүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Ишкерлер үчүн убакытты үнөмдөгөнгө пайдалуу жана жакшы шарт түзүлөт


Ишкерлер уюлдук телефон аркылуу виртуалдык контролдук-кассалык машиналарды колдонсо болот. Мындай долбоор пилоттук негизде үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан тарта киргизилген. Анда тиркемени плеймаркеттен көчүрүп алып, смартфон үчүн чыгарылган принтер менен телефон аркылуу кассалык аппаратты колдонууга шарт жаралды.

Экономика минстрлиги салык кызматы менен биргеликте өлкөдө фискалдаштыруу программасын ишке ашырып жатат. Бул максатта 2019-жылдын 19-апрелинде өкмөттүн токтому кабыл алынган. Анын негизинде электрондук эсеп - фактура киргизилүүдө.

Ал эми эсеп фактурасын электрондоштурууга өтүүнүн дагы бир максаты салыктарды толук түрдө чогултуу. Маселен, салык төлөөдөн качуу, баш тартуу маселелеринин бардыгы ачык көрүнүп, көмүскө экономиканы азайтууга шарт түзүлөрүн экономика минстринин орун басары Дастан Кадыров кошумчалады. Андан тышкары, салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун алкагында, эки товар цифралык маркирлөө киргизилет. Алар спирт ичимдиктери жана тамеки продукциясы. Ошондой эле, үстүбүздөгү жылдын август айында виртуалдык контролдук  кассалык машина тууралуу токтом кабыл алынып, бүгүнкү күндө ал пилоттук режимде иштеп жатат.  Ал ишкерлер үчүн пайдалуу жана убакытты үнөмдөгөнгө жакшы шарт түзүлөт деп билдирди Дастан Кадыров.

Ал эми Маалымат технологиялар жана байланыш комитети тарабынан КЮАР коддорду колдонуу боюнча улуттук стандарттар каралып чыгып, Кыргызстандарт тарабынан бектилген. Бул интернет аркылуу  нак эмес төлөмдөрдү көбөйтүүгө шарттарды түзөт. Ошондой эле компаниялардын электрондук кол тамгаларды сатып алуудагы тоскоолдуктары жоюулат,- деди Маалымат технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасынын орун басары Максат Жылышбаев

Ошондой эле, эсепке алуунун автоматташтырылган системасы контрафакттык товар, анын ичинде күйүүчү майлардын да санын кыскартууга жардам берерин Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Улукбек Самыйбеков билдирди. Анын айтымында, ушул жылдын 1-январынан тартып, мунай заттарынын  айлануу көлөмүн  эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун киргизүү каралган. Кабыл алынган токтомго ылайык, Кыргызстандын аймагына мунай заттарын алып келүү, сактоо, өндүрүү жана сатылышына көзөмөлдү күчөтүү үчүн жаңы талаптар белгиленген.

Ошондой эле кабыл алынган токтомдун негизинде күйүүчү майлоочу материалдарды көзөмөлдөө боюнча автоматтык система өлкө ичиндеги ар бир май куюучу станцияга орнотулат.  Анын негизги маңызы, эгерде касса-дүмүрчөгү басылбай калса, май куюучу түтүктөн бензин куюлбайт. Чек басылгандан кийин, бул тууралуу маалымат салык кызматына автоматтык түрдө катталып, андан соң дароо кайра май куюучу станцияга керектөөчүгө күйүүчү майды берүү буйругу келип түшөт. Муну менен салык төлөөнү көбөйтүү жана контрабандалык жол менен ташылып келген күйүүчү майлоочу майларды көзөмөлдөп, казынага ири суммадагы каражат чогулат дешет адистер. 

Урмат Жээнбеков, "Биринчи радио"

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.