Жаңылыктар
Президент Токтогул ГЭСин реабилитациялоо иштери менен таанышты
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Токтогул ГЭСин реабилитациялоо иштери менен таанышты


Аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын башкы багыттарынын бири. Элеттеги элди жумуш менен камсыз кылуу жана өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында региондордо орто жана чакан ишкерликти колдоо уланат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков, Жалал-Абад облусуна болгон 2 күндүк иш сапарынын алкагында, жергиликтүү тургундар менен жолугушууда билдирди. 

Түрдүү тармактагы долбоорлордун 80 пайызы аймактардагы ишкерлердин демилгесин колдоого багытталгандыгы белгиленди. Иш сапарынын алкагында президент бир катар ишканалардын ишмердиги менен таанышып, таза суу, ирригация жана айыл чарба объектилерин көрүп чыкты. Экинчи күнү Токтогул ГЭСин реабилитациялоо иштеринин биринчи фазасынын жыйынтыкталышы менен таанышуусу күтүлүүдө.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна болгон эки күндүк иш сапары Кара-Тектир айылындагы «Аселим» тигүүчү цехинин ишмердиги менен таанышуудан башталды. 90 адам эмгектенген ишканада өндүрүлгөн продукция Россияга экспорттолот. Өндүрүш линиясын кеңейтүү максатында жаңы объектини куруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жер тилкесин бөлүп берип, жеңилдетилген насыя менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү каралып жаткандыгы маалымдалды. Мамлекет башчы  аймактык өнүктүрүү мамлекеттик саясатынын башкы багыттарынын бири жер-жерлерде кичи жана орто ишкерликти колдоо болуп саналарын белгилеп, мындай ишканалардын көбөйүшү өлкөнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүүгө жана жаңы иш орундарын түзүү аркылуу ички миграцияны азайтууга өбөлгө түзөрүн билдирди.

Андан соң, мамлекет башчы Токтогул районунун бал азыктарынын көргөзмөсүн көрүп чыкты. Жергиликтүү өндүрүүчүлөр менен болгон баарлашуусунда ал ата мекендик продукция өзүнүн сапаты жана экологиялык тазалыгы менен чет өлкөлүк рыноктордо атаандаштык түзө алаарын баса белгиледи:

Ошондой эле таза суу, ирригация жана айыл чарба объектилерине да баш бакты. Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жашоочулары менен жолугушуп, элетти өнүктүрүү үчүн шарт түзүүгө багытталган иштерге токтолду.

Маалыматка ылайык, айыл чарба продукциясын кайра иштеткен жергиликтүү ишканалар үчүн кошумча нарк салыгы 80 пайызга кыскартылды. Дотациялуу аймактарда ачылган, экспортко багытталган ишканалар 5 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө пайдага, сатууга, мүлккө жана жерге салынчу салыктардан бошотулду. МТС, соода-логистикалык борборлор жана айыл чарба кооперативдери үчүн жеңилдетилген салык режими киргизилди. Технологиялык жабдууларды импорттогон ишкерлер бажы пошлинасын төлөбөй калышты. Продукцияларды сертификаттоо боюнча жаңы лабораториялар курулду.

Өткөн жылы РСК, Айыл Банк жана Кыргыз-Орус өнүгүү фонду тарабынан Кепилдик фонддун колдоосу менен жалпысынан 25 млрд. сомдон ашык насыя жана кепилдик берилген. Долбоорлордун 80 пайызы аймактардагы ишкерлердин демилгесин колдоого багытталган. Айыл чарба тармагына да ФСХ-7 программасы боюнча 5 млрд. сомго жакын 10 миңге жакын жеңилдетилген насыя берилгендигин мамлекет башчы кошумчалайт. Мындан ары да региондорду адистештирүүнү чыңдоо, региондордун атаандаштык артыкчылыктарын күчөтүү жана экспорт кылуучу ишканаларды мамлекеттик колдоо уланаарын ишендирди.

Жол жана социалдык инфраструктураларды куруу, ишке ашырылып жаткан энергетикалык жана улуттук долбоорлор — өлкөнү таза суу менен камсыздоо, ирригация объектилерин куруу боюнча кеңири маалымат берилди. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө адам факторунун жоюлушуна, бюрократиянын азайышына, коррупциялык элементтерди жокко чыгарууга багытталган долбоорлор — «Түндүк» электрондук системасы, «Санарип аймак» санариптик платформасы, «Коопсуз шаар» жана «Коопсуз жол кыймылы», долбоорлоруна кеңири токтолуп, Digital CASA долбоорунун алкагында региондор интернет менен камсыздалып, мектептерге жана ооруканаларга жаңы технологиялар терең киргизилерин баса белгиледи. Турак жайга мамлекеттик ипотеканын пайызын төмөндөтүү чараларына да токтолду. Мамлекет тарабынан ар тараптан аймактарды өнүктүрүү үчүн жетиштүү шарт түзүлүүдө, эми жергиликтүү бийлик активдешүүсү керектигин билдирди.

Президент энергетика тармагына да токтолуп, Токтогул ГЭСинде акыркы 40 жылдын ичинде болбогон реконструкция иштери жүргүзүлүп жатканын, 2023-жылга чейин гидроагрегаттарды алмаштыруу боюнча иштер аяктап, натыйжада анын кубаттуулугу 240 мегаваттка көбөйөрүн айтты. Белгилей кетсек, мамлекет башчы иш-сапарынын алкагында, Токтогул ГЭСин реабилитациялоо иштеринин биринчи фазасынын жыйынтыкталышы менен да таанышат.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.