Жаңылыктар
Каралашары жок карыяларга көңүл бурулат
Кыргызстан жаңылыктары
Каралашары жок карыяларга көңүл бурулат

Эми Кыргызстанда  каралашары жок карыялар өз көйгөйү менен  жалгыз калбайт. Өлкөдө татыктуу карылыкты камсыз кылуу боюнча жаңы программаны иштеп чыгууга  даярдык башталды. Учурда   Улуттук   статистика комитети менен Эмгек жана социялдык өнүү министрлиги  сурамжылоо маалыматтарын топтоого киришти.   Ага Бириккен Улуттар Уюмунун  колдоосу менен эл аралык уюмдар  катышууда.  Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, долбоор ишке ашкан күндө, ким  кайда, абалы кандай экени  дароо көрүнүп  турат. 

Кыргыз элинде “Жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү”- деген накыл кеп бар эмеспи. Дөөлөттүү карылык, алдан-күчтөн тайган кезде да коомчулукка керек экениңди  сезүү  эмеспи. Кыргызстанда улгайган адамдарды социалдык жактан камкордукка алган атайын мамлекеттик түзүмдөр, мыйзам базалары калыптанганы белгилүү. 

Бирок,  биз ойлогондой ийкемдүү, жеткиликтүү болбой жатканы да чындык. “Абалды жакшы жагына өзгөртүү  максатында  жаңы  комплекстүү программа долбоору  үчүн маалымат базасы түзүүдөбүз”- дейт Кыргыз респупбуликасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев.                            

АДРО ресурстук борборунун аткаруучу директору Игорь Литвинов, программа маселелерди комплекстүү жана  геронтология түзүмүнүн өнүгүшүн камсыз кылгыдай болуусу керек-дейт.

              

"Программа   төмөнкү  керектөө  деңгээлин  камсыз кылгыдай  каржылык базасы   менен  Геронтология жана гериатрия түзүмүнүн  өнүгүшүн  шарттаган комплестүү чараларды камтуусу  керек. Ошондой эле эч кандай каржыны талап  кылбастан туруп,  улгайган адамдарды  заман шартына  ыңгайлашуусун камсыз кылгыдай  ийкемдүү болуу керек".

Геронтоло́гия — бул, адамдын  биологиялык, социалдык жана психологиялык жагдайын изилдеген илим. Мындан бир кылым мурда пайда болгон.  Анын дагы бир бөлүгү– гериатрия — улгайган адамдардын ооруларын изилдейт.  Алсак 1997-жылы   Россияда геронтология илим-изилдөө  институту түзүлгөн. Анын клиникасында 11 профессор, медицина илимдеринин 13 доктору жана 40 кандидаты, уникалдуу технологияларды колдонуу менен адамдын жаш курагы өзгөрүүсүнө  жараша илимий тыянактарды чыгарып турушат.  Бул маселенин бир гана  тармагы, жалпы алганда 3 өзөктүү багыты болушу керек дейт, Хелпэйж эл аралык уюмунун Кыргызстандагы филилалынын директору Айсулуу Камчыбекова.            

“Татыктуу кырылык” программасынын долбоору, улгайган адамдарды социалдык жактан камкордукка алуунун комплекстүү   чараларын ичине алуучу жаңы  жол картасынын негизинде  иштелип чыгат.

Зинакан   Кайыпова, “Биринчи радио”