Жаңылыктар
"Ала-Тоо 24" каналы Turksat ЗА спутник каналынан көрсөтүлө баштады
УТРК жаңылыктары
"Ала-Тоо 24" каналы Turksat ЗА спутник каналынан көрсөтүлө баштады

Turksat 3А менен КТРКнын ортосундагы берүүлөрдү алып көрсөтүү боюнча келишимдин алкагында, "Ала-Тоо 24" жаңылыктар каналы 2019-жылдын 18-октябрь күнү саат 13:35тен тартып, Turksat 3А (GMT+6) каналында спутниктен көрсөтө баштады.  

Turksat 3А каналдары менен КТРКнын кызматташтыгы бекемделип, берүүлөр дүйнөлүк деңгээлде өз көрөрмандарын табаарына эки тараптын тең ишеничи чоң. 

Белгилей кетсек, Turksat спутниги аркылуу TRT Türk, Al Jazeera TV, Al Jazeera International TV телеканалдары көрсөтөт. Turksat 3А спутниктен Турция, Европа, Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка жана Борбордук Азия аймактарын камтыйт.