Жаңылыктар
Cомдун жүгүртүүгө чыкканына 23 жыл толду
Экономика
Cомдун жүгүртүүгө чыкканына 23 жыл толду

Бүгүн улуттук валюта- сомдун жүгүртүүгө чыкканына 23 жыл толду. Бул аралыкта сом Борбор Азия чөлкөмүндө өз кадыр баркын жоготпой сактап келе жатат. 1993- жылы 1 сом 4  АКШ долларына  барабар болуп жарыкка чыккан.   

Улуттук валютабыз азыр долларга карата 68 сомдун тегерегинде бааланууда.  Экономисттер эми  EАЭБтин  алкагында сомдун жүзүн сактап калуу үчүн  экспорттун көлөмүн көбөйтүү керектигин белгилешет. 

Белгилей кетсек, 1993- жылы Улуттук банктагы таза  акчанын көлөмү 4 800 доллардын тегерегин түзсө, учурда борбордук банктын эл  аралык көлөмү 2 миллиардга жакын.  2016- жылдын алгачкы 3 айында АКШ доллары  кыргыз сомуна 6,7 пайыз арзандаган.

Кошумчалай кетсек  Улуттук банк 10-май  улуттук валютанын жүгүртүүгө чыккан күнүнө карата коллекциялык монеталардын аукционун өткөрүп келет. Бул жолу ал 18- майга белгиленген.

Н. Молдокулова, «Биринчи радио»