Жаңылыктар
Ошто белгилүү тарыхчы Фуат Сезгинди эскерүү иш-чарасы өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто белгилүү тарыхчы Фуат Сезгинди эскерүү иш-чарасы өттү

“Орто Азия окумуштууларынын дүйнө илимдерине кошкон салымы” аталышындагы симпозиумга Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстандан окумуштуулар келген. Муну менен, келечек муун үлгү алат деген пикирин уюштуруу тобу билдирет. Фуат Сезгин, 1924-жылы Битлисте төрөлгөн. 1951-жылы Стамбул университетин аяктап, араб тили жана адабияты боюнча доктордук даражасын алган. 1965-жылы Франкфурт университетинде профессор наамына жетишип, исламдын “Алтын кылымдагы” илимий жетишкендиктерин изилдөөгө алган. Залкар тарыхчы, 2018-жылы 94 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Түркияда 2019-жыл “Профессор Фуат Сезгин жылы” деп жарыяланган.