Жаңылыктар
Бүгүн 19-октябрда Нурак Абырахманов көзү тирүү болгондо 72 жашка толмок
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн 19-октябрда Нурак Абырахманов көзү тирүү болгондо 72 жашка толмок

Москва шаарында Эл артистин эскерүү кечеси болуп өттү. Ресурстук борбордун чоң залында улуу таланттын шакирттери менен күйөрмандары чогулган. Кечени уюштурган “Теңир Тоо” коомунун мүчөлөрү мекендештерге залкар комузчу тууралуу документалдуу тасма көрсөттү. Шакирттери эл сүймөнчүгүнө айланган күүлөрүн ойноп, ырчылар анын чыгармаларын аткарып, акындар комузчу тууралуу жазган ырларын окуп берди. Анын кайталангыс өнөрү аркылуу, кыргыз элинин комузу, күүсү көп өлкөдө таанылган. "Улуу тоо" күүсү жөнүндө : "Кыргыз эли тоону ата-энебиздей көрөбүз. Тообуз жок болсо өзүбүздү талаада калгандай сезебиз.

Бул күүнү кыргыздын тоолоруна таасирленип жазгам" деп айтканы бар. Ал 1947-жылы 19-октябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Тоголок Молдо айылында туулган. Атасы Абдырахмандын таасири менен 5-6 жашында комуз чертип баштаган. Ал темир комуз, комуз, кыл кыяк жасап, ээр да чаба билген. Нурак Абдыракманов мындан сырткары тарых менен алектенип, көп жылдык изилдөөлөрдөн соң "Улуу баян" аттуу тарыхый китеби 2007-жылы жарыкка чыккан. 

Нурак Абдрахманов узакка созулган оорудан улам 2014-жылы 26-майда жалган дүйнө менен кош айтышкан. Анын кайталангыс, улуу таланты эч убакта унутулбарын эскерүү кечесине келгендер белгиледи. Эске сала кетсек, Москва шаарында Нурак Абдырахманов атындагы клуб ачылып, анда жаш таланттар улуу комузчунун чыгармачылыгын улантуунун үстүндө иш алып барууда.