Жаңылыктар
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз тил боюнча тест тапшырды
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз тил боюнча тест тапшырды

Премьер-министр менен кошо Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы, Президенттин кеңешчиси Дастан Догоев, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Бахтияр Салиев жана башка чиновниктер кыргыз тили боюнча билимин текшеришти.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган атка минерлерге алгач ирет тест тапшыруунун жол жоболорун түшүндүрүп беришти. Андан соң ар бир чиновник өзүнчө кабинкага кирип билимин текшерди. Премьер-министр кыргызтестте ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн белгилеп, мамлекеттик тилде эркин сүйлөп, сабаттуу болуу, биринчи кезекте өкмөт жетекчилеринин милдети экенин баса белгиледи.

Мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүү мыйзамы Кыргызстан эгемендүулүктү алганы кабыл алынганы менен көп жылдар бою мыйзам аткарылган эмес. 2017-жылы мамлекеттик кызматкерлердин мамлекеттик тилди билүү системасы кабыл алынып четинен ишке аша баштады. Ага ылайык, 2022-жылга чейин мамлекеттик кызматкерлер мамлекеттик тилде толук кандуу билиши шарт.