Жаңылыктар
Байтик баатырдын 200 жылдыгы
Кыргызстан жаңылыктары
Байтик баатырдын 200 жылдыгы

Байтик баатыр кыргыз элинин эркиндиги үчүн кыйла эмгек жасаган улуу инсандардын бири. Быйыл Кыргызстанда баатырдын 200 жылдыгы белгиленип жатат. Мындай салтанаттын бири Байтик айылында өттү. Мааракенин алкагында Кыргызстандын жети дубанынан келген эл тоо койнунда боз үй тигип, этно шаарча тургузушту. Маараке ат-чабыш, көк-бөрү улуттук оюндары менен коштолуп, баш байгеге 500 миң сом жана автоунаа коюлду.  

Салтанаттуу иш-чарада Байтик баатыр тууралуу китептин бет ачаары да болду. Китепте баатырдын басып өткөн жолу, ата-тегинин санжырасы, Кокон бийлигине каршы боштондук күрөшү сыяктуу тарыхый окуялар кеңири чагылдырылган. Китеп миң нускада басылып чыккан.

Байтик баатырдын 200 жылдыгына карата жылдын аягына чейин дагы бир топ иш-чаралар өтөт. Баатыр жөнүндө терең изилдөөлөр болбогондуктан, 19 пунктан турган резолюция кабыл алынган. Анын алкагында Байтик баатыр тууралуу тасма тартуу да пландалып жатат.

Байтик баатырдын мааракесин белигилөө, баатырдын ысымын Бишкектин көчөлөрүнүн бирине ыйгаруу, айкелин тургузуу жана элине, жерине кылган ишин даңазалап, даңктоо - бул баатырдын атын кылымдарга сактоо күч-аракеттери болуп саналат.