Жаңылыктар
Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине 10 жыл толду
Саясат
Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине 10 жыл толду

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин түзүлгөнүнө быйыл 10 жыл толду. Кеңешти түзүү чечими 2009-жылы 3-октябрда Нахечиван шаарында кол коюлган. Быйыл болсо Азербайжандын Баку шаарында Түрк кеңешинин 7-жыйыны өттү. Келишимге алгач Түркия, Азербайжан, Кыргызстан жана Казакстандын ортосунда кол коюлса, кеңештин кезектеги саммитинде ага Өзбекстан толук мүчө катары кабыл алынды.

 Өзбекстанды уюмга кабыл алуу иш аракеттери былтыр Кыргызстанда өткөн алтынчы саммиттен кийин башталып, бир жылда бардык талаптар аткарылган бул чечим ишке ашты. Ошондой эле, Түрк кеңешине Кыргызстан төрагалык кылып турган убакта уюмдун 15тен ашык иш-чарасы өтүп, Кеңештин Европа кеңсесинин ишке кирди.