Токтогул ГЭСин реконструкциядан өткөрүү улуттук деңгээлдеги ишке ашыра турган долбоорлордун бири. Үч фазаны тең бүткөрүүнүн натыйжасында Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 240 МВатка өсөт жана иштөө мөөнөтү 35-40 жылга узарат.
Токтогул ГЭСи - эң ири жана эң маанилүү электр станциясы, бул станциянын өлкөбүз үчүн мааниси зор. Себеби өлкө пайдаланып жаткан электр энергиясынын 40 пайызы ГЭСте иштелип чыгат. Өлкөнүн эң ири ГЭСи Токтогулду реконструкциялоо учур талабы эле. Себеби 1975-жылы курулган гидроэлектрстанциянын жабдууларын колдонуу мөөнөтү эбак өткөн.