Жаңылыктар
Аймактарды өнүктүрүү максатында чоң жумуштар жасалууда
Экономика
Аймактарды өнүктүрүү максатында чоң жумуштар жасалууда

Соңку эки жылдан бери аймактарды өнүктүрүү максатында чоң жумуштар жасалып жатат. Элеттеги элдин турмушун жакшыртуу аракеттеринен жеринде Президент Сооронбай Жээнбеков өзү таанышууда. 

Мамлекет башчы облус, райондорго болгон жумуш сапарынын жүрүшүндө эл менен жолугушууларды өткөрүп, жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн угуп, суроолоруна жооп берүүдө. Ошол эле учурда облустардагы жолугушууларда Президент аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү, тышкы жана ички миграцияны токтотуу, ишкерчиликти колдоо, жаңы жумуш орундарын түзүү багытында ишке ашып жаткан мамлекеттик долбоорлор жөнүндө ой бөлүшүүдө.