Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков Япониянын императорунун такка отуруу аземине катышат
Саясат
Сооронбай Жээнбеков Япониянын императорунун такка отуруу аземине катышат

Президент Сооронбай Жээнбеков Япониянын императорунун такка отуруу аземине катышат. 20-октябрда мамлекет башчысы иш сапары менен Японияга барды. Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, Сооронбай Жээнбеков Япониянын императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышат. 

Ошондой эле, иш сапардын алкагында Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэ менен эки тараптуу жолугушуу пландалган. Мындан тышкары, Президент Япониянын ири корпорацияларынын жетекчилери жана күн чыгыш өлкөсүндө жашаган кыргызстандыктар менен жолугушат.