Жаңылыктар
Кыргызстандыктар үчүн каражат топтоонун туруктуу ыкмасы - банктык аманаттар
Экономика
Кыргызстандыктар үчүн каражат топтоонун туруктуу ыкмасы - банктык аманаттар

Кыргызстанда 21-октябрдан тарта дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөөнүн алкагындагы иш-чаралар башталды. Бүгүн Улуттук банктын кызматкерлери эл аралык фонддордун өкүлдөрү менен бирге маалымат жыйын өткөрүп, жыйым топтоонун эреже тартиптери, анын максаттары тууралуу айтып беришти. Анда Кыргызстандын калкы үчүн каражат топтоонун эң эле туруктуу ыкмасы - банктык аманаттар экени белгиленди. 

Бул биринчи кезекте өлкөдөгү банк тутумунун туруктуулугу жана депозиттерге мүнөздүү бир катар артыкчылыктар менен шартталган. Дүйнөлүк каражат топтоо күнү Германиянын сактык кассалар фонду, Кыргызстандын билим берүү жана илим министрлиги, ошондой эле коммерциялык банктар менен биргеликте бешинчи жолу уюштурулууда. Анын негизги максаты - калктын акчалай гана эмес, суу, токой, энергетика жана башка ресурстарды сактоо маданиятын түптөө болуп саналат.