Жаңылыктар
Арсен Рахымбеков Россиядагы шоуго катышып, көрүүчүлөрдү таң калтырды
Кыргызстан жаңылыктары
Арсен Рахымбеков Россиядагы шоуго катышып, көрүүчүлөрдү таң калтырды

Кыргызстандык 12-жаштагы Арсен Рахымбеков "Россия-1" телеканалынын "Удивительные люди" шоусуна катышты. Арсен берилген татаал эсептерди заматта чыгарып, көрүүчүлөрдү таң калтырып жатты. Аны менен жарыштуу үчүн Россиянын жогорку окуу жайларында билим алган 3-курсттун студенттери чакырылган. Арсен алар менен жарышып, берилген тапшырманы алардан биринчи чыгарып калыстар менен көрүүчүлөрдү таң калтырды. 

Арсен Рахымбеков менталдык арифметика менен алектенет. Өткөн жылы ал менталдык арифметика боюнча Дүйнөлүк олимпиадага катышкан. Ушул жылдын башында Казакстанда өткөн олимпиадага катышып, байге утуп алган. Арсен Бишкек шаарында чоңойгон, тааныштары аны "Калькулятор бала" деп атап коюшат.