Жаңылыктар
Бирдиктүү салык декларациясынын жыйынтыктары
Экономика
Бирдиктүү салык декларациясынын жыйынтыктары

Мамлекеттик салык кызматы Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу жараянынын 2015-жылдагы жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрага орун басары Кубанычбек Кумашов билдирди. 

Айтымында, 2016-жылдын 10-майына карата Бирдиктүү салык декларациясын 380 миңден ашык салык төлөөчү тапшырган. Алардын ичинен 37 миң 291и мекеме, 167 миңден ашык жеке ишкерлер, ушунча эле санда жеке жактар, ошондой эле 14 миңге жакыны мамлекеттик кызматкерлер болгон. Салык кызматынын өкүлдөрү жыл санап декларацияны тапшырган жарандардын саны өсүп жатканын белгилешти. 

Мисалга 2016-жылы былтыркыга салыштырмалуу 13 миң 730 адамга, ал эми 2015-жылы 2014-жылга салыштырмалуу 18 миң 581ге көп болгон. Ал эми декларацияны өз убагында тапшырбагандыгы үчүн 213 салык төлөөчү административдик жоопкерчиликке тартылды деди Кубанычбек Кумашов.