Жаңылыктар
Кыргызстандын эки шаарына "Кол өнөрчүлөр шаары" макамы берилет
Маданият
Кыргызстандын эки шаарына "Кол өнөрчүлөр шаары" макамы берилет

Ысык-Көл менен Нарын облустары Дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеңеши тарабынан "Кол өнөрчүлөр шаары" деген макам алышы мүмкүн. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Кыргызстанга аталган кеңештин комиссиясы келди, алар облустарга баа берет. Ысык-Көл облусу "Боз үй шаары" аталышына, Нарын облусу "Кийизден жасалган шаар" наамына көрсөтүлүп жатат. Комиссия мүчөлөрү кооперативдерди, кол өнөрчүлөрдүн өнөрканаларын, музейлерди жана кол өнөрчүлүккө үйрөтүүчү окуу жайларды кыдырат. 

Облустарга эл аралык аймактык наамдын берилиши элеттеги элдик кол өнөрчүлүктүн, облустун социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүн шарттайт. Дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеңешинин талаптарына ылайык, аймакка эл аралык наам берүүдө мамлекеттик жана жергиликтүү органдар тарабынан да колдоо болушу абзел.