Жаңылыктар
Мурдагы ИИМ кызматкери адам өлтүрүүгө шектелгендердин катарында кармалды
Кылмыш
Мурдагы ИИМ кызматкери адам өлтүрүүгө шектелгендердин катарында кармалды

Милиция кызматкерлери ишкер Хуфур Абдурахеманды уурдап кетип, өлтүрүүгө шектелип жаткандарды кармады. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталды. Эске салсак, 38 жаштагы ишкер Хуфур Абдурахеман 4-октябрдан бери дайынсыз болуп жатканАнын сөөгү 18-октябрда Кочкор районунан табылган. 

Хафур Абдурахеман үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында болжол менен саат кечки алтылар чамасында БМВ Х5 үлгүсүндөгү автомашинасы менен Бишкек шаарындагы “Мадина” соода борборунан чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Эки жумдан соң, тактап айтканда 18-октябрь күнү Хафур Абдурахемандын сөөгү Нарын облусунун Кочкор районунда табылган. Кылмышкерлер аны өлтүрүп, көмүп коюшкан. Бул факты боюнча 4 адам шектелип кармалып, камалды деп билдирди Биринчи радиого Бишкек шаардык Ички Иштер Башкы Башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Сайкал Садыбакасова

Свердлов РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери «Сосновка» постунан уурдалган «ВMW X5» үлгүсүндөгү машинаны токтотушкан. Аны күбөлөрдүн бири айдап бара жаткан. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөрдөн ишкердин денеси казылган жер тууралуу маалымат алынган. Маркумдун сөөгү Нарын облусундагы Кочкор районунун аймагында жол жээгинен 150 метр алыстыкта, тоо тарапты көздөй 70-80 см тереңдик казылып көмүлгөндүгү тууралуу белгилүү болгон. Тактала элек маалыматтарга караганда, кармалгандардын арасында мурунку милиция кызматкерлери да болгон. Эксперттердин пикиринде, мурда иштеп кеткен милиция кызматкерлеринин мындай кылмышка барганы биринчи жолку көрүнүш эмес. Буга чейин да ушул чыяктуу окуялар катталып, алар сот жообуна тартылган.

Белгилей кетсек, маркумдун жакындарынын айтымында Хафур Абдурахеман  4-октябрь күнү ак түстөгү БМВ Х5 үлгүсүндөгү машинасы менен соода борбордон чыгып кеткен. Ал эми кылмышкерлер сатуу үчүн машинаны кара түскө боего жетишишкен. Ал эми депутат Мирлан Жээнчороевдин белгилешинче мындай көрүнүш өтө оор кылмыштардын бири. Мурдагы ИИМнин кызматкерлеринин катышуусунда болсо бул атайын уюшулган болушу ыктымал. Ошондуктан муну тыкыр иликтөө зарыл. Мурунку милиция кызматкерлердин кылмыштарга аралашуусу өтө жат көрүнүш. Болгондо да  тиричилике айлантып алгандары өкүнүчтүү дейт эл өкүлү

Ошондой эле, аталган кылмыш боюнча кошумча тергөө аракеттер жана атайын экспертизалар жүрүп жаткандыгын Бишкек ШИИББнын басма сөз өкүлү Сайкал Садыбакасова кошумчалады.

Ушул тапта кармалган төрт киши убактылуу камоочу жайга киргизилди. Андан тышкары, 4 жаран күбө катары суракка алынды. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, кылмышка шектүүлөрдүн саны жалпы 8 киши деп айтылууда.

Урмат Жээнбеков, "Биринчи радио"