Жаңылыктар
Тез жардам системасын автоматташтыруу жалпы өлкөгө жайылтылат
Ден соолук
Тез жардам системасын автоматташтыруу жалпы өлкөгө жайылтылат

Мындан сырткары жер-жерлердеги дарыгерлерге онлайн кеңеш берүү, телемедицинаны уюштуруу иш-чаралары каралууда. Буга чейин алыскы аймактардагы дарыгерлер кесиптик дараметин арттыруу үчүн Бишкекке чейин келип окуп кетишчү.

Бишкектеги тез жардам борборуна ар күн сайын миңге жакын телефон чалуулар болот. Анын жарымына жакынына адистер аралыктан кеңеш беришет. Ал эми көпчүлүгүнө тез жардам унаасы менен дарыгерлердин тобу барып, жеринде жардам көрсөтүлөт же бейтап ооруканага алынып келинет.

Мекеменин жетекчилиги Бишкекти талаптагыдай тейлөө үчүн 120 атайын унаа керек экенин айтат. Бирок учурда 38 гана унаа менен иш алып барып жатышат. Мындай тартыштыкты, жалпы эле иштеги көйгөйлөрдү жоюу үчүн бир жылга жакын убакыттан бери автоматташтырылган система колдонулуп келатат. Экран аркылуу кайсы көчөдө автотыгын бар экенин байкап, тез жардам унааларынын кайсы жерде жүргөнүн да көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Санарипти саламаттык сактоо тармагынын бардык багыттарына жайылтуу чаралары көрүлүп жатат. Буга чейин ооруканаларда электрондук кезек ыкмасы ишке ашырылган. Эми алыскы аймактардагы дарыгерлерге кеңеш берүү аралыктан жүргүзүлөт. Онлайын консультация, телемедицинага ылайык жабдуулар учурда республикалык, облустук жана райондук деңгээлдеги он бештей саламаттык сактоо мекемелеринде иштеп жатат. Ал бардык бейтапканаларда камсыз кылынат. Бул үчүн эл аралык донорлор жардам берүүдө.