Жаңылыктар
Жалпы республикалык тестирлөө 17-майда башталат
Билим
Жалпы республикалык тестирлөө 17-майда башталат

Жогорку окуу жайга өтүүгө мүмкүнчүлүк берген жалпы республикалык тестирлөө быйыл 17-майдан 22-майга чейин бардык өлкө аймагында өткөрүлөт. Бул тууралуу билим берүү министрлиги маалымат жыйында билдирди. 

Азыркы күндө тестирлөөгө катышууга 62 миң бүтүрүүчүнүн ичинен 48 миң 121и катталды. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 5 миндей абитуриентке аз. Тестирлөөнү жүргүзүү үчүн өлкө аймагы боюнча 127 тест борбору уюштурулат. 

Жылдагыдай эле быйыл дагы кошумча тестирлөө өтөт. Ага каттоо 16-майдан 19-майга чейин жүргүзүлүп, ал эми тестирлөөнүн экинчи этабы 23-24-июнь күндөрү өтөт. Эгер каттоонун биринчи бөлүгүнө жетишпей калган окуучулар болсо, сынактын экинчи этабына катышса болот.