Жаңылыктар
Кыргызстанда этти экспорттоо эки эсеге өстү
Экономика
Кыргызстанда этти экспорттоо эки эсеге өстү

Былтыр тышка 300 тоннага жакын эт чыгарылса, быйыл 9 айда бул көрсөткүч 700 тоннага жетти. Бул тууралуу Ветеренардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов билдирди. Айтымында, экспорттун өсүшүн өлкөдөгү эпизотикалык абалдын жакшырышы шарттады.

Ош базарындагы №19 ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияда жумуш түнкүсүн башталат. Эки жыл мурда лобаратория толугу менен оңдолуп чыккан. Аймактардан союлуп келинген малдын эти санитардык текшерүүгө алынат. Сатуучуга багытталган эт эки жолку текшерүүдөн өткөрүлөт. 

Кокус жугуштуу оорууларга шек жаралса, продукт республикалык лабораториянын текшерүүсүнө жөнөтүлөт. Өзгөчө экспортко багытталган этке болгон талап чоң. Өлкөдө ветеренардык жана фитосанитардык кызматтын сапатынын жакшырышынан улам, соңку тогуз айда экспорттолгон бир дагы азык кайтарылган жок. 

Бүгүнкү күндө Евразиялык экономикалык биримдикке кирген мамлекеттердин товарын экспорттогон ишканалардын тизмеси бар. Ага 78 кыргызстандык ишкана кирет. Кыргызстанда өндрүлгөн этти Россияга экспорттоо боюнча уруксат быйыл берилгени жатат. Ага чейин эт өндүрүүчүлөр Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүн багындырууда. Жер-жерлерде ветеринардык кызматтын ишин жакшыртууга чоң басым жасалууда. Адистердин жигердүү эмгегинен улам, малга дары-дармек убагында берилип, соңку эки жылда жугуштуу мал ылаңы каттала элек. 

Жер-жерлердеги малды жугуштуу ооруулардан алдын алуу максатында бюджеттен 160 млн сом бөлүнгөн. Бул 2015-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көп. Жакын арада эт экспорттоодо көлөм маселеси туулушу мүмкүн. Эгер Россия менен Кытайга жол ачыла турган болсо, эттин көлөмүн көбөйтүү зарылчылыгы жаралат.