Жаңылыктар
Фермерлерге пайызсыз ссудалар берилет
Кыргызстан жаңылыктары
Фермерлерге пайызсыз ссудалар берилет

Ысык-Көл облусунун Түп, Жети-Өгүз райондорундагы сүт өндүрүү багытын көздөгөн майда фермерлерге пайызсыз ссудалар берилет. Үч жылга чейин берилүүчү акчалай жардамдарды алуу үчүн атайын талаптар бар.

Байтик айылынын тургуну Бурул Райымбекова уулу экөө он жылдан бери сүттүү уйларды багуу менен алектенишет. Төрт уйунун ар бири бери дегенде эле 40 литрден сүт берээрин айтат . 3 маал сааган сүтүнүн жарымын дүң өткөрсө, калганын каймак кылып тартып, сатып тиричилик кылышат. Колдоо болсо, уйларын дагы көбөйтүп, чакан бизнесин өнүктүрсөм деген тилеги бар. 

Бурул айым сыяктуу уй багып, ишкерчилик кылып, жашоосун жакшыртууну көздөгөн үй-бүлөлөр аймактарда арбын. Айрыкча акчалай жардам күтүп, ишин өнүктүрүүнү каалагандар Ысык-Көл аймагынын Түп, Жети-Өгүз райондорунун дээрлик бардык айылдарында бар. Колдоого муктаж фермерлерди каттоо, иргөө, келишим түзүү жана насыялардын төлөнүшүн көзөмөлдөө сыяктуу иштердин баары "Кепилдик фондунун" мойнунда. 

Учурда Боз-Бешик, Дархан, Светлая Поляна, Талды-Суу, Кең-Суу”айылдары боюнча катталган фермерлердин арасынан 69на 1 миң 200 долларга чейинки пайызсыз ссудалар берилмей болду. Акчалай жардамдар коммерциялык банктардан насыя ала албаган фермерлерге багытталган. Мөөнөтү 10 айдан 3 жылга чейин. 

Адистердин айтымында, долбоор боюнча кийинки жардам Тоң, Ак-Суу, Ысык-Көл райондорунун айылдарындагы сүт өндүрүүнү каалаган фермерлерге берилет.