Жаңылыктар
Мугалимдердин айлыгы канча пайызга көтөрүлө турганы маалым болду
Билим
Мугалимдердин айлыгы канча пайызга көтөрүлө турганы маалым болду

Педагогикалык билими бар-жогуна карабастан бардык мугалимдердин айлыгы 30 пайызга жогорулайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

"Мугалимдин статусу" жөнүндөгү мыйзамга киргизилген акыркы өзгөртүүлөргө ылайык, мектепте профилдик педагогикалык билими бар адис иштей алат. Анткен менен республикада мугалимдердин 2,5 пайызы жогорудагы талапка жооп бербейт. Бирок алардын кайсы бир кесип боюнча орто же жогорку билими бар. 

Окуу сааттарынын баасы азыр деле жогорку педагогикалык билими барлар менен орто кесиптик билими барлардыкы менен бирдей. Министрликтен белгилешкендей, айлык көтөрүлгөндөн кийин деле кошумча төлөнчү каражаттар сакталып калат. 1-октябрдан тарта 120 миңден ашык мугалимдин айлыгы 30 пайызга жогорулады.