Быйыл, күзүндө өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына ыктыярчылар чакырыла баштады. Бул жолу оюнга келген меймандар менен 700 волонтёр иш алып барат.
Аларды 3 айдын ичинде тиешелүү адистер окутуп, Көчмөндөр оюндарына даярдай баштады. Ыктыярчылар иш-чаранын ачылыш-жабылыш аземине жардам берет.
Ошондой эле, тартылган ыктыярчыларга калыстарга көмөктөшүүдөн тарта, чет өлкөлүк конокторду коштоп жүрүүгө чейинки милдет жүктөлөт.