Жаңылыктар
ФИФАнын рейтингинде курамабыз 94-орунга көтөрүлөт
Спорт
ФИФАнын рейтингинде курамабыз 94-орунга көтөрүлөт

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) рейтингинде 94-орунга көтөрүлөт.

«Football-rankings.info» басылмасынын билдирүүсү боюнча, Кыргызстандын курамасы 2022-жылы боло турган дүйнөлүк чемпионатка тандоо турунун алкагында 2 оюн өткөрдү. Бишкек Александр Крестининдин жетекчилигинде ойгогон футболчулар Мьянма менен Моңголиянын футболчуларын уткан. Бул жыйынтык менен аталган рейтингде 94-орунга көтөрүлөт.

ФИФАнын жаңыланган рейтинги 24-октябрда жарыяланмакчы.