Жаңылыктар
Келерки жылы жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт
Саясат
Келерки жылы жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт

Келерки жылдын 12-апрелинде 30 жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, анда 25 айылдык кеңештин жана Ош, Каракол, Балыкчы, Токмок, Майлуу-Суу шаарларынын депутаттары шайланат. 

2020-жылдагы шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүүгө 928 миллион сом сарпталат. Анын ичинен Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 560 миллион сом, жергиликтүү шайлоолорго 60 миллион сом жумшалат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү 2020-жылдын 4-октябрына белгиленди.