“Салам-Алик” командасы Тараз шаарында кыз-келиндер арасында өтүп жаткан волейбол боюнча эл аралык турнирге катышат. Мелдеш 21-октябрда башталган, “Тараз-Арена” спорт сарайынын аянтында өтүүдө.
Кыргызстандын курама командасынын тизмесине башкы машыктыруучу Абдухамид Айсаходжаевдин жетекчилиги астында 12 спортчу кирди.