Жаңылыктар
Кыргыз жоокеринин сөөгү 78 жылдан кийин Россиядан табылды
Мекендештер
Кыргыз жоокеринин сөөгү 78 жылдан кийин Россиядан табылды

Улуу Ата Мекендик согуштан кайтпай, кара кагаз да келбей калган Ысык-Көл облусунун Күрмөнтү айылынын тургуну Казый Оморовдун көмүлгөн жери 78 жылдан кийин Россиянын аймагынан табылды. Россиянын Коргоо министрлигинин “Память народа” порталындагы ал тууралуу маалыматтарды туугандары таап алган. 

1941-жылы фронтко аттанган Казы Оморовдун дайыны согуш башталгандан көп өтпөй эле чыкпай калган. Үйлөнүп, балалуу да болбой калган 21 жаштагы жоокердин туулгандыгына быйыл 100 жыл толду. Андан апасына эстелик катары жалгыз сүрөт менен тиккен дарагы калган. Ал согушка аттанаардан мурда агасы Букар менен атасы Омор дагы кан майданга чакыртылып, кайтпай калган. Бир учурда эки уулу, жолдошунан айрылып, күйүтүнө чыдабай күндө жаш төккөн энеси да бул дүйнө менен кош айтышкан. “Кара кагаз да келбеген тайкебизди, ошо жалгыз дарак гана күтүп жүргөндөй сезим калтырчу”,- дейт, Казы Оморовдун жээндери Зуура менен Алмагүл Имангазиевалар. Ал каза болгон жерге бир ууч топуракты, дал ошол дарак түбүнөн алууну туура көрүшкөн.

Зуура Оморова уулу Бакыт жана сиңдиси Алмагүл менен Россияга келип. Маалыматта белгиленген Москва четиндеги Савеловка айылынан, тайкесинин сөөгү коюлган жерди издеп жатышты. Так ушул жерде 78 жыл мурда, айыгышкан согушта не деген кырчындай өмүрлөр кыйылып жаткан мезгил, кадимкидей көз алдыга тартылып тургансыды. 1941-жылы 1-декабрда душмандардын Москваны басып алабыз деген тилегин таш капкан катуу салгылаш, кан төгүшө кырчылдашкан кармаш тарыхта – “Наро-Фоминск коргоо операциясы” деген ат менен белгилүү. Миңдеген советтик аскер дал ушул жерде курман болгон. Алардын катарында Казы Оморов дагы бар. Издеп, кыдырып жүрүп, Казы Оморовдун жээндери 1-2-декабрда каза болгон 110-аткычтар дивизиясынын аскерлеринин сөөгү табылган жерге келишти.

Мындай тагдырлар тилекке каршы, аз эмес. Кандуу согуш кырчындай өмүрлөрдү кыйып, биринин артынан күтүп, эскерип турар туягы калса, бири бала эле бойдон, жапжаш өмүрү менен кош айттырган апаат. Кыргызстандан кан майданга 365 миң жоокер аттанган. Алардын 115 миңден ашыгы курман болуп, миңдеген адам дайынсыз жоголгон. Туулган жеринин топурагын көтөрүп келип, тайкесинин сөөгү коюлган жерге сээп кетип жатканына жүрөктөрү тынчыгандай, согушка кеткен эки баласы, жолдошунан бирдей кабар келбей дайынсыз болуп, өмүрүнүн акырына чейин үмүт үзбөй өтүп кеткен тайенесинин арбагы да ыраазы болду деген ишеничте кайтышты.