Жаңылыктар
Ала-Бука районунда ички жолдор оңдолуп, асфальт төшөлүүдө
Аймак
Ала-Бука районунда ички жолдор оңдолуп, асфальт төшөлүүдө

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында элет жериндеги тургундарга ар тараптан шарт түзүү, инфраструктураны жакшыртууга көбүрөөк көңүл буруу жагы каралган. Быйыл Ала-Бука районун аймагында ички жолдорго асфальт төшөөгө басым жасалууда. Ушул тапта Көк-Серек айыл аймагынын ички каттамындагы жолдорун асфальтоо иштери жүрүп жатат.

Көк-Серек айыл аймагынын жашоочуларынын эң көйгөйлүү маселеси - жол болчу. Айыл аралаган каттам асфальт болбогондуктан унаа жүргөн сайын чаң асманга көтөрүлүп, жергиликтүүлөр чаң жутуп жашоого аргасыз болуп келишкен. Эми айыл эли ал көйгөйдөн арылмай болду. Айыл аймакты аралаган негизги каттамга асфальт төшөлүүдө. Бул негизги каттам. 2 жарым чакырым аралык асфальтталат. Жакынкы күндөрү толук аягына чыгат. Жол куруучулар сапатына тыкыр көңүл бурулуп жатканын айтышат.

Жолду асфальтоого районду өнүктүрүү фондунан 13 миллион сом каражат бөлүнгөн. Көк-Серек айыл аймагында жалпы ички жолдун узундугу 12 чакырымды түзөт. Учурда жасалып жаткан иштер толук бүткөрүлсө, 5 чакырымга жакын жол асфальтталат. Келээрки жылы Кош-Болот айылындагы 2 чакырым жолго асфальт басылат. Анын долбоору айыл өкмөтү тарабынан даярдалып, районду өнүктүрүү фондуна тапшырылган.

Быйыл жергиликтүү бюджеттин күчү менен Ала-Бука айыл өкмөтү ички жолдун 2 жарым чакырымын жаңылаган. Ага 10 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Сары-Талаа айылынын негизги каттамынын абалы начар болуп, жергиликтүү жашоочуларды түйшөлтүп келген. Жолдун асфальт болушу менен айдоочуларга да, жөө жүргүнчүлөргө да ыңгайлуу шарт түзүлгөн. Ала-Бука районунун аймагында жолдорду оңдоп-түзөө, жаңы асфальт басуу иштери районду өнүктүрүү фонду, республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен жасалууда.