Жаңылыктар
«Нью-Йорк-Ташкент» каттамынын мас жүргүнчүсү учакта чыр чыгарды
Дүйнө
«Нью-Йорк-Ташкент» каттамынын мас жүргүнчүсү учакта чыр чыгарды

21-октябрда «Uzbekistan Airways» авиакомпаниясынын Нью-Йорк-Ташкент каттамы менен учкан жүргүнчүсү учакта чыр чыгарган.

Авиакомпаниянын басма сөз кызматы билдиргендей, 51 жаштагы жүргүнчү мас абалында болгон. Ал учактагы өз ордуна отуруудан баш тартып, аны тынчытууга аракет кылган борт коштоочулар менен башка жүргүнчүлөргө кыйкырып, аларды кемсинткен.

Жыйынтыгында чыр чыгарган жүргүнчүнүн колун кайрып, отургучка байлап коюуга туура келген. Ташкент аэропортуна келгенден кийин Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин Транспорттогу коопсуздукту камсыз кылуу башкармалыгынын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилген.