Жаңылыктар
«Жусан» операциясы менен Сириядан кайтарылган 14 киши соттолууда
Кылмыш
«Жусан» операциясы менен Сириядан кайтарылган 14 киши соттолууда

Нур-Султанда эл аралык терроризм уюмдарына катышы бар деп айыпталган 14 кишинин соту башталды.

Сот залына 13 адам жеткирилди, дагы бир шектүүнүн майып экени аныкталган. Ал атайын эмдөө бөлүмүнөн видеоконференция аркылуу сот жараянына кошулат.

Өткөн аптада Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети бул иш тергелип бүткөнүн жарыялаган. Тергөөнүн маалыматы боюнча 14 шектүү Сириядагы «Ислам мамлекети» террордук тобунун катарында согушкан. Шектүүлөр террордук иштерге аралашуу, терроризмге үгүттөө жана башка оор кылмыштарга айыпталууда.

Казакстан өкмөтү «Жусан» операциясынын алкагында Сириядан 595 казак жаранын кайтарган, алардын ичинен 400дөн ашууну балдар. Буга чейин Сириядан алынып келинген 10 эркек жана 5 аял ИМ тобунун ишмердүүлүгүнө катышуу айыбы менен ар кыл мөөнөткө соттолгон.

2018-жылы июлда Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Сирия жана Иракта 800дөй казакстандык жаран бар экенин маалымдаган.