Жаңылыктар
Өлкөдө кыргыз-япон бизнес форумун өткөрүү пландалууда
Экономика
Өлкөдө кыргыз-япон бизнес форумун өткөрүү пландалууда

Өлкөдө соода-экономикалык мамилелерди  өнүктүрүп, инвестиция тартуу максатында үчүнчү кыргыз-япон бизнес форумун өткөрүү пландалууда. Алдын ала маалыматтарга караганда жыйынга 200дөй ишкерлердин катышаары күтүлүүдө.

Кыргыз-япон бизнес форуму буга чейин Бишкекте жана Токио шаарында өткөрүлгөн. Алардын жыйынтыгы кандай болду? Япониядан Кыргызстанга инвестиция тартуу багытында дагы кандай долбоорлорду ишке ашыруу пландары бар? 

Буга  чейин  биринчи  жолу Кыргыз-япон бизнес форуму 2015-жылы Япониянын премьер-министри Кыргызстанга расмий иш-сапары менен келген учурда уюштурулган. Ага 40тан ашык япон ишкери катышып, мамлекеттик деңгээлдеги ири долбоорлор сунушталган. 2016-жылы дагы бир инфраструктуралык долбоорлор боюнча  форум уюштурулган. Ал эми экинчи кыргыз-япон бизнес форуму 2017-жылдын аягында Токиодо өткөрүлүп, меморандумдарга кол коюлган. Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин инвестиция бөлүмүнүн башчысы Жалын Жээналиев бирок бул жыйындардан жакшы жыйынтык болбогондугун айтат.

Өлкөдө соода-экономикалык мамилелерди  өнүктүрүп, инвестициянын көлөмүн көбөйтүү максатында Бишкек шаарында үчүнчү кыргыз-япон бизнес форумун өткөрүү пландалууда. Кыргызстан үчүн бизнес инвестициялардын маанилүү экендигин Президент Сооронбай Жээнбеков 21-октябрда, Японияга иш сапарынын алкагында Токио шаарында «Tokyo Rope MFG» корпорациясынын башкы кеңсесине барган учурда да билдирди.  Мамлекет башчысы корпорациянын ишмердиги менен таанышып, анын башкармалыгынын төрагасы Шигето Танака менен жолугушуу өткөрдү.

Президент «Tokyo Rope MFG» жетекчилиги менен 2017- жана 2018-жылдары Бишкектеги жолугушууларда жетишилген макулдашуулардын баары бүгүнкү күндө ишке ашканын, Кыргызстанда корпорациянын кичи ишканасы ийгиликтүү иштеп жатканын канааттануу менен белгиледи. Корпорациянын кичи ишканасы Япония өкмөтүнүн колдоосу менен Кыргызстанда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырат. Учурда Бишкек-Ош жолунун бир бөлүгүндө көчкүгө каршы курулуштар орнотулуп жатат. Жакынкы мезгилде буга окшогон жумуштар аталган жолдун башка бөлүктөрүндө да башталат.

Кыргызстан менен Япониянын дипломатиялык мамилелери 1992-жылдын 26-январында түзүлгөн.  Ошондон бери, Кыргызстанга «Өнүгүүгө расмий жардам» Программасынын алкагында көптөгөн гранттык, насыялык жардам жана техникалык көмөк көрсөтүлүп келүүдө. Ошондой эле, Япониянын эл аралык кызматташуу агенттигинин (JICA) алкагында натыйжалуу иш жүргүзүлүп жатат «Бир айыл бир азык түлүк»  программасын учурда Кыргызстандын бардык аймагына  жайылтуу аракети корулуп жаткандыгын Экономика министрлигинин Аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Зайнидин Жумалиев кошумчалады. Ошондой эле Японияга негизизинен бал, кургатылган  мөмө  жемиштер экспорттолуп жаткандыгына токтолду.  Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин Инвестиция бөлүмүнүн башчысы Жалын Жээналиев билдиргендей, Япония менен кызматташтыкты өнүктүрүү максатында алдыда дагы бир катар иш-чаралар пландаштырылган. Белгилей  кетсек, эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү жыл башынан бери 17 миллион долларды түзгөн. 

Гулнура Сманбекова, "Биринчи радио"

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.