Жаңылыктар
Тилсиз жоо: 4 үй бүлө коопсуз жайга көчүрүлдү
Өзгөчө кырдаал
Тилсиз жоо: 4 үй бүлө коопсуз жайга көчүрүлдү

10-май  күнү эртең  мененки саат 7лер чамасында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Монгол айыл аймагында катуу жааган  жамгырдан 4 үй бүлө коопсуз жайга көчүрүлдү. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аталган айыл аймакка караштуу Оганталаа айлында  колоттордон түшкөң сел 4 турак үйдүн жер төлөсүн каптап, үйлөр авариялык  абалга  кептелгендигин билдиришүүдө. Табигый кырсык мындан сырткары, ички чарбалык жолдорду, көпүрөнү жабыркаткан. Ушундай эле көрүнүш Сузак  районунун Ак-Мечит айылында  катталды. Сузакта 9-майдан 10-майга караган түнү облустук суу чарба башкармалыгына караштуу сугат  каналдан  суу ашып бир катар социалдык обьектилерди  зыянга учуратты. Ал эми Чүй  облусунун  Чүй, Ысык-Ата  райондорунда, турак жайларды жана короо сарайларды сел суу каптаган. 

Республика боюнча эки күн катары менен жааган жамгырдан Баткен, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарындагы  айрым райондорундагы ички чарбалык жолдор, электр зымдары, турак жайлар катуу жабыркоодо. 10-майда катталган кырсыктан Чүй облусундагы Чуй районунда сел жүрдү. Учурда абал канааттандырарлык экендигин аталган райондун мамлекеттик администрация башчысынын  орун басары Шабдан Абыкаев билдирди.

Ысык-Ата  районунда алдын ала алынган маалымат боюнча  жамгырдан улам Денисов айылында көчөлөрдө сел жүрдү. жатат. Кант  1 турак жайга суу кирген. Сел калдыктардан Базар-Коргон-Кызыл-Үнкура унаа жолунда унаалардын кыймылы токтотулуп, жол бузулган.  Мындан сыткары, Ооганталаа айылында  турак үйлөрдү сел каптап, 4 үй  авариялык абалга кептелди.  Үйдүн жашоочулары коопсуз жайларга көчүрүлүп чыгарылып, калгандары  иликтөөгө алынууда. Жеринде облустук, райондук жарандык коргонуу комиссиялары  иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө.  

Сузак  районунда болсо түндө  Кара-Дарыя айыл аймагындагы Ак-Мечит айылында   катуу нөшөрлөп жааган жамгырдан, облустук  суу чарба башкармалыгынын  балансында турган сугат каналдан суу ашып, болжол менен  14 үйдү каптады. Бир үй авариялык абалда, кырсыктан ошондой эле электр мамычалары жабыркады,- дейт  Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын  башчысы  Төрөгелди  Түркбаев.

Синоптиктер  республика боюнча  алдыңкы күндөрү  жамгырдын саны азайып, абанын температурасы  жогоруларын билдиришет. Мындай күндөр  14-майдан  баштап күтүлүүдө. Бул  күнү Бишкекте  30 градус, республика боюнча  абанын температурасы  27  градус  ысыйт. Кыргыз гидрометерология агенттигинин директору  Зарылбек  Итибаевдин айтуусунда, калган күндөрү  аба ырайында  туруксуздук сакталганы менен  катуу жааган жамгырлардын болушу  байкалган жок.

Майдын үчүнчү 10 күндүгүндө  жамгырдын саны азаят, кыска мөөнөттөгү жаан  тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо күтүлүп жаткандыгын башкы синоптик  Зарылбек  Итибаев  кошумчалап кетти.

Г.Каражанова, “Биринчи радио”

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!

WhatsApp +996551748118