Жаңылыктар
Кыргызстан-Россия: эки өлкөнүн аралык жаштардын кызматташтыгын өнүктүрүү багыттары
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан-Россия: эки өлкөнүн аралык жаштардын кызматташтыгын өнүктүрүү багыттары

Келерки 2020-жыл өзгөчө жыл болору күтүлүүдө. Себеби, жаңырган жыл Россиянын Кыргызстандын жылы, ал эми Кыргызстанда Россиянын жылы катары тарыхта калары мерчемделген. Бул маанилүү окуяга карата алгачкы иш-аракеттер ишке ашырылууда. 

Бүгүн “Евроазиялыктар – жаңы толкун” фонду тарабынан кереге кеңеш уюштурулуп, эки өлкөнүн жаштар арасындагы мамилени, кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууга алынды. 

Кубанычбек  Осмонбеков Россияга мигрант катары барганына он эки жылдан ашты. Азыр эми  тажрыйбасы артып Москва шаарында ишкерлердик Эл аралык бирлигин негиздөөгө жетишкен. Учурдагы андагы элүү ишкерлердин башын бириктирген Бирликтин ишмердүүлүгүн арттыруу багытында алгылыктуу аракеттерди жүзөгө ашырып жатканын  ачыктады. Россия менен Кыргызсандын жаштарынын ортосундагы мамиле, кызматташтыкты жакшыртуу багытында көп иш-чаралар белгиленген. Алардын алкагында жүзөгө ашырылып жаткан демилгелер натыйжасын берип жатканын кошумчалады. 

Россия менен Кыргызстандык жаштар арасындагы мамилелер жылдан жылга жакшы өнүгүү жолунда баратканын Спорт, дене тарбия жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин  директорунун орун басары Мирлан Парханов ырастады. Быйылкы жылы ишке ашырылган иш-чаралардын айрымдарына токтолду. Эки өлкөнүн жаштарынын ортосундагы алка тамырын тереңдетүү максатында  белгиленген иш мерчемдер мамлекеттик бийлик бутактары тарабынан колдоого алынып жатканын кошумчалады.       Бул күндөгү кереге кеңеш учурунда Россия менен Кыргызстандагы жаштардын  кызматташтыгын жаны багытка буруу маселеси республика аймагындагы жаштар уюмдарынын өкүлдөрү тарабынан көтөрүлдү.