Жаңылыктар
Ош шаарында ЕЭКтин көчмө жыйыны өтөт
Экономика
Ош шаарында ЕЭКтин көчмө жыйыны өтөт

30-октябрда Ош шаарында Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу блогунун коомдук кабылдамасынын көчмө жыйыны өтөт. Бул туурасында Комиссиянын маалымат кызматы кабарлады. Эки жылда мындай жыйынга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Орусиядан миңден ашык компаниянын өкүлдөрү катышкан. Комиссияга 2018-2019-жылдар аралыгында ишкерчиликте трансчекара базарында атаандаштык боюнча жалпы тартиптер бузулганы тууралуу 36 арыз түшкөн.

Мындай жолугушуулар быйыл 18 ирет өткөрүлдү. Комиссиянын эксперттери ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу блогунун ишмердүүлүгү, ЕАЭБдеги акыркы өзгөрүлгөн мыйзамдар тууралуу кенен маалымат беришет.