Жаңылыктар
Жээнбеков Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэ менен жолугушту
Саясат
Жээнбеков Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэ менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэ менен жолугушту. Жолугушуу бүгүн Токиодо болуп, анда кыргыз-япон эки тараптуу кызматташтыктын келечеги талкууланды. Синдзо Абэ Кыргызстандын президентинин Японияга сапарына жана Сооронбай Жээнбеков менен биринчи жолку жолугушууга кубанганын белгиледи. Ал тайфундун курмандыктары жана кесепеттерине байланыштуу жылуу сөзүнө ыраазычылык билдирди. Кыргызстан менен Япониянын ортосунда парламенттер аралык өз ара аракттешүү, экономикалык, маданий жана гуманитардык кызматташуунун өнүгүп жатканын жапон өкмөт башчысы канааттануу менен айтып, көп багытта кызматташууну жандантууга даярдыгын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков япон элин император Нарухитонун такка отуруусу менен куттуктап, Кыргызстан Япония менен бардык тармактуу кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат - деди. Ошондой эле, эки тараптуу өз ара пайдалуу экономикалык кызматташууну жандантууга кызыкдар экенин айтып, чакан жана орто ишкерчилик тармагындагы чоң дараметти белгиледи. Мамлекет башчысы Япон премьер-министрин өзүнө ыңгайлуу учурда Кыргызстанга сапар менен келип кетүүгө чакырды. Синдзо Абэ Сооронбай Жээнбековдун чакыруусун канааттануу менен кабыл алып, сиздердин өлкөгө келүүгө кубанычтамын, - деди. Ошондой эле Синдзо Абэ кыргыз лидерин Японияга сапар жасоого чакырды.