Жаңылыктар
Кыргызстан-Япония: эки тараптуу алака бекемделет
Экономика
Кыргызстан-Япония: эки тараптуу алака бекемделет

Кыргызстан менен Япониянын ортосунда дипломатиялык мамиленин түзүлгөнүнө 28 жыл болду. Бул аралыкта эки тараптуу саясий кызматташтыктан тартып, экономикалык инвестициялык байланыштарга басым жасалып келет. Өзгөчө акыркы жылдары Япония, Кыргызстандын таза азык- түлүк продукцияларын чет мамлекеттерге экспорттоого көмөктөшүүдө.

Япония дүйнөдөгү өнүккөн мамлекеттердин бири. Ички дүң продукциясынын көлөмү киши башына 35 миң долларды түзөт. Дүйнөдөгү экономикасы өнүккөн үч өлкөнүн бири. Күн Чыгыш өлкөсү менен Кыргызстан дээрлик эгемендик жылдарынан бери кызматташып келүүдө. Кызматташтык саясий-экономикалык, социалдык жана маданий- гуманитардык багыттар боюнча түзүлгөн. 

Маданий-гуманитардык алакада жакшы жылыштар болгону менен акыркы жылдары экономикалык кызматташтык солгундап калган. Маселен былтыр Япониядан келген түз инвестициянын көлөмү 650 миң доллардын гана тегерегин түздү. Бирок, айыл чарба багытындагы айрым долбоорлор жемишин берүүдө. Япон эл аралык кызматташтык агенттигинин көмөгү менен ишке ашырылып жаткан, акыркы жылдардагы үлгүлүү долбоорлордун бири “Бир айыл - бир продукт” болду. 

Учурда экономикалык карым катнашты бекемдөөгө чоң аракеттер көрүлүүдө. 2020-жылы Жапонияда ири инвестициялык форум өткөрүү пландалууда, ага Кыргызстандын 40тан ашык ишкерлери барып, бизнести жүргүзүү ыкмаларын үйрөнүшөт. Жапониянын алдыңкы компанияларынын иши менен таанышышат. Адистер жапон тарап дагы Кыргызстанда бир катар тармактар боюнча иш алып барууга кызыкдар экенин айтат. 

Буга чейин эки өлкөнүн ортосунда бир нече жолу жогорку деңгээлдеги визиттер орун алган. Инвестициялык кызматташтыкты күчөтүүгө багытталган ишкер форумдар, айыл чарба жарманкелери өттү. Эки тараптуу алаканы өнүктүрүү аракети уланууда. Адистер бул жаатта Президенттин Жапонияга жасаган иш сапары чоң мааниге ээ болгонун белгилешет.