Жаңылыктар
Ошто сугат суу маселеси талкууланды
Аймак
Ошто сугат суу маселеси талкууланды

Сугат, ирригация тутумундагы маселелер боюнча, Ошто коомдук талкуу уюштурулду. Ага 3 чоң райондун тийиштүү кызматтарынын өкүлдөрү катышты.

Талкууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Өзгөн, Кара-Суу, Араван райондорунун суу колдонуучулар бирикмелеринин, демилгелүү топтун өкүлдөрү катышты. Анда, сугат суу маалында дыйкандар талап кылган көлөмдө жетпей, натыйжада алар сезилээрлик көлөмдө түшүм ала албай жатканы айтылды. Алсак, Куршаб-Арзибек Суу пайдалануучулар ассоциациясы карамагындагы 1,5 миң гектар жер аянтынын 350 гектарында сугат суу тартыштыгы бар.

Негизинен ирригация системасы чарбалар аралык жана ички чарбалык болуп экиге бөлүнөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу кеңешинин пикиринде, мамлекеттин карамагындагы 5786 чакырымдагы чарба аралык суу тутумунда көйгөй дээрлик жоюлган. 23 миң чакырымдагы ички чарбалык байланыштагы сугат суу көйгөйү курч бойдон калууда.

Топторго бөлүнгөн талкууда, союздун тушунда курулган ички сугат каналдарынын дээрлик 90 пайыздайы эбак мөөнөтүн өтөп бүтүп, талкаланганы, ирригациялык каналдардын бетондолбой калганы суунун чоң жоготуусуна алып келүүсү айтылды. Ноокаттын адистери , абалдан чыгуу үчүн кошумча каражат талап кылынаарын айтып чыкты.

Жазы айыл өкмөтүнүн башчысынын пикиринде, ремонт ишинде салтка айланган ашар ыкмасын жандантуу кажет.

Дубанда ички сугат суу маселеси оор дегенге болбойт. Эл аралык уюм тарабынан каржыланган ири долбоордун алкагында, бир катар ички каналдар капиталдык оңдоодон өткөн.

Айтылган ар бир пикир, сунуштар көз жаздымында калбайт. Демилгечи топ тарабынан тийиштүү тарапка жолдонот.

Демилгечи топ, эки ай аралыгында өлкөнүн жети облусун кыдырып, сугат суу көйгөйү жана ирригациялык каналдардын абалы боюнча коомдук талкууларды өткөрөт. Мындай өңүттөгү пикир алмашуу буга чейин, Жалал-Абад, Талас облустарында өткөрүлгөн.
24-октябрда Баткен облусунда өтөөрү болжолдууда.